Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

"Anonymous" хакердик топ ЦРУнун интернет сайтын үзгүлтүккө учуратты


Жума күнү кечинде АКШнын Борбордук чалгын кызматынын (ЦРУ) интернет тармагы бир канча убакыт иштебей калды. "Anonymous" уюшкан хакердик топ мексикалык Camimex тоо-кен иштетүү палатасынын сайтын бузуп, бир катар маанилүү каттарды уурдаганын мойнуна алды.

Бир ай мурун "Anonymous" Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросу менен Юстиция министрлигинин сайттарын бузган.

Хакерлер түрдүү компьютерлерден бир аталыштагы маалыматтын өтө чоң агымын атайын бир интернет сайтка жиберүү аркылуу аны убактылуу иштен чыгарат.

XS
SM
MD
LG