Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:50

Бакай-Атада жаңы аким иш бөлмөсүнө кире албай жатат


Ушу тапта Таластын Бакай-Ата районунда жаңы акимди кабинетине киргизиш үчүн акт түзүлүп, эшикти күчтөп ачмай болуп жатышат. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, акимиаттын ичинде жүздөй киши чогулуп турат. Бир бөлүгү мурдагы аким Мурат Жунусовдун, экинчи бөлүгү жаңы шайланган аким Урмат Тынысовдун тарапкерлери. Жаңы акимди район активине тааныштырыш үчүн облустук администрациянын аппарат башчысы Байыш Дүйшөнбаев барган. Бирок мурдагы акимдин тарапкерлери аны ордунда калтырууну талап кылып, жаңысына каршы чыгып жатышат. Мурат Жунусов кабинетинин ачкычын бербей жаткандыктан, эшикти күчтөп ачууга туура келип жатканы айтылууда.

Жаңы өкмөттүн келиши менен Кыргызстанда ар бир райондо акимдер да алмашты. Аларды райкеңеш депутаттары шайлашты. Бирок бул өнөктүк таза эмес өткөнүнө нааразы болгондор бар. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG