Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Мыйзамсыз кумарканалар үчүн кылмыш жообуна тартуу сунушталды


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кылмыш кодексине кошумча киргизүүнү сунуштап жатышат. Бул боюнча мыйзам долбоору бүгүн Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинде талкууланды. Анын авторлору кумарканаларды мыйзамсыз иштеткен адамдарды кылмыш жообуна тартуу керек деп эсептешет. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды, эми дагы эки окууда талкууланышы керек. Мыйзам боюнча, быйыл 1-январдан тарта Кыргызстандагы кумарканалардын баары жабылышы керек. Бирок бул бизнестин өкүлдөрү мындай талап койгон мыйзам Конституциянын беренелерин бузат деп эсептешүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG