Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Пакистан НАТОго Ооганстанга жүк ташуу уруксаты берилгенин моюнга алды


Пакистандын коргоо министри НАТОго Ооганстандагы аскерлерге азык-түлүк ташууга убактылуу уруксат берилгенин тастыктады. Ахмед Мухтардын айтымында, уруксат кыска мөөнөткө жана тез бузулчу азыктарды жеткирүүгө гана берилди. Өткөн аптада АКШнын Исламабаддагы элчиси Пакистан коалициянын жүк жана кара май тарткан машинелери үчүн чек арасын жапканына карабай, Түндүк альянс Ооганстанга жүк ташууну улантууда деп айткан. Чек араны жабуу чечимин Исламабад ноябрда америкалыктардын жаңылыш аба соккусунан пакистандык 24 жоокер окко учкандан кийин кабыл алган.

XS
SM
MD
LG