Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:13

Ошто газ үчүн карызы барларга чара колдонулат


Ош шаарында көгүлтүр отун үчүн карызы барлар 15 күндүн ичинде акча төлөбөсө, аларга газ берүү токтотулат. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардагы газ башкармалыгынын жетекчиси Керимбек Сарыбашев билдирди. Анын айтымында, учурда шаарга келген газдын 30 пайызы жоготууга учуроодо. Себеби айрым керектөөчүлөр эсептегичтин иштөөсүнө кийлигишип же текшерүүчүлөр менен сүйлөшүп алып, колдонгон газ үчүн акы төлөбөйт. Өзбекстанга Оштун газ боюнча карызы 90 миллион сомго жетти. Ошондуктан Сулайман-Тоо жана Кулатов атындагы кичи райондордо газ басымы төмөн болуп жатат. Ош ТЭЦинин газ боюнча карызы 24 миллион сом, калктын карызы 59 миллион сомго жеткени айтылууда. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG