Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Швециядан чыгарылган 9 өзбекстандык мекенинде камалды


Өзбекстандын Швециядан депортацияланган бир нече жараны мекенине келер замат камакка алынган. Бул тууралуу камалгандардын тааныштары билдирүүдө.

Швециянын миграциялык кызматы бул маселе боюнча түшүндүрөмө бере элек.

Өзбекстандын тогуз жараны Швециядан мекенине депортацияланганы тууралуу маалымат бул аптанын башында гана ачыкка чыкты.

Өзүн Надырбек деп тааныштырган өзбекстандыктын айтымында, Ташкенге жеткирилген тогуз жигит дароо камакка алынышкан жана эми камактагылардын жакындарынан алар кыйноого кириптер болгону жөнүндө маалымат түшүүдө:

- Камакка алынган балдардын биринин канга бойолгон кийими шейшемби, же шаршемби күнү анын жубайына беришип, жаңысын алышкан. Биз азыр алардын үчөөсүнүн жубайлары менен байланышта турабыз. Калган беш-алтоосу эмне болуп жатканын билбейбиз.
Балким алардын арасында издөөго жарыялангандары болушу мүмкүн. Экинчиден, алар мамлекеттик чек арадан өтүү эрежесин бузган болушу мүмкүн.

Учурда өзү Швецияда жүргөн Надырбектин ырастоосунда, ал алган маалыматтар боюнча швед тарап тогуз өзбекстандыкты мекенине атайын жалданган учак менен жеткирген. Алардын сегизи аба майданында кармалышса, бирөөсүн кийин үйүнөн алып кетишкен:

- Алардын баары башпаанек алыш үчүн арыз бергендер болчу. Бирок Швеция өкмөтү өтүнүчтөрүн четке каккан. Аларды кадимки рейстеги учак менен эмес, атайын жалданган кичинекей учак менен жеткиришкен. Ташкенге барганда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын колуна тапшырышкан.

Швециянын Миграция кызматы өзбекстандыктардын соңку депортациясы боюнча кандайдыр бир расмий түшүндүрмө бере элек.

Депортациялангандардын биринин Швециядагы адвокаты “Азаттык” үналгысынын өзбек кызматына алардын мекенине жеткенде камакка түшкөнүнөн кабары бардыгын айтты.

Ташкенттик укук коргоочу, Көз карандысыз байкоочулардын демилгелүү тобу деген бейөкмөт уюмдун башчысы, бейкүнөө камакка алынды деген өзбекстандыктардын ишине жакындан байкоо салып келе жаткан Сурат Икрамовдун “Азаттыкка” айтканына караганда, Швециядан депортациялангандар ичинен бир гана 27 жаштагы Элдар Маматовдун ысымы белгилүү.

Калгандарынын аты-жөнү укук коргоочулар үчүн азырынча беймаалым бойдон калууда.

Сурат Икрамов
Сурат Икрамов
- Менимче алардын баары азыр текшерүүдөн өтүшөт. Балким алардын арасында издөөго жарыялангандары болушу мүмкүн. Экинчиден, алар мамлекеттик чек арадан өтүү эрежесин бузган болушу мүмкүн. Алар мына ушундай жүйө менен да камалган болушу ыктымал. Андыктан аларды текшеришет. Эгер кандайдыр бир шек туудурган жагдайлар жок болсо балким бошотушат, же айыпка жыгышат. Азырынча бир нерсе айтуу кыйын.

Өзбекстандын атайын кызматтары адатта четке барып келген, же четтен келген жарандарды диний экстремисттик уюмдардын мүчөсү болгон, сүргүндөгү оппозиция менен кызматташкан деген шек менен камакка алышат.

Камакка түшкөн тогуз өзбекстандыкты депортациялаган Швеция өзбек жарандары саясий башпаанек тапкан өлкөлөрдүн бири. Швецияга чейин акыркы ирет Өзбекстандын саясий башпааанек издеген 29 жаранын былтыр июнда Казакстан укук коргоочулардын каршылыгына карабай депортациялаган. Диний экстремизм боюнча айыпталган ал жарандардын көбү да мекенине кайтарылаар замат камакка алынышкан болчу.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG