Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

15 жаштагы ооган келиндин азабы


14 жашар Сахар Гүл күйөөсүнүн үйүндөгү жертөлөдөн бошотулгандан кийин. 28-декабрь, 2011.
14 жашар Сахар Гүл күйөөсүнүн үйүндөгү жертөлөдөн бошотулгандан кийин. 28-декабрь, 2011.

Мусулман калктуу Ооганстанда өлкө түгүл, сырткы дүйнөнү кейитип, боор ооруткан окуя болду.

15 жаштагы Сахар Гүл күйөөгө чыккандан жарым жылдан кийин кайынэнеси менен кайынэжеси уюштурган тозоктон, тагыраак айтканда үйдүн жертөлөсүндөгү зындандан куткарылды.

Денеси уруп-сабоодон жана кыйноодон көк-ала болуп, эски жарааттары өтүшүп кеткен Сахар Гүл азыр ооруканада дарыланууда. Жаш келиндин кайынэнеси жана кайынэжеси камакка алынып, кайнагасы менен кайнатасына полиция издөө салган.
- Чачыңды ким жулду?
- Кайынэнем.
- Тырмагыңды ким жулду?
- Кайынэнем.


Жаш келин жаңы жыл алдында күйөөсүнүн үйүндөгү тирүү тозокулардын чеңгелинен бошотулгандан кийин Ооганстандын түндүгүндөгү Пули Кумри провинциясынын ооруканасында дарыланды. Сахар Гүл оорукана ичинде арабага салынып, түртүлүп жүрдү. Ал денесиндеги жаракаттарына чыдабай кыйкырып жиберип жатты. Жаш келиндин ур-токмоктон көгөргөн сол көзү араң эле ачылат. Сол колу дакиге (марли) оролгон.

Сахар Гүл абактан чыккандан кийин ооруканада. 28-декабрь 2011
Сахар Гүл абактан чыккандан кийин ооруканада. 28-декабрь 2011
Сынган манжаларынын кээ биринде тырмагы жок. Шордуу кыз жергиликтүү бийликтин өкүлү Рахима Зарифи айымдын суроолоруна өзүн күчтөп жооп берип жатты. "Мени кайынатам, кайынэжем, кайынагам уруп-сабашты,-дейт Сахар Гүл. Зарифи айымдын: "Сени урганда эмне пайдаланышчу?” деген суроосуна: " Мочунек(искек)”,-дейт.
"Чачыңды ким жулду?" Сахар Гүл: "Кайынэнем",-дейт. "Тырмагыңды ким жулду?" Сахар Гүл: "Кайынэнем",-дейт.

Жаш келин Сахар Гүлдүн атын атабоону өтүнгөн коңшуларынын “Азаттык” радиосуна айтышынча, жаш келинди уруп-сабоо ал Бадахшан провинциясынан көчүрүп келингенден көп узабай башталган.

Коңшулардын сөзүнө караганда, Сахар Гүл атасынан тырнактайында эле ажырап калып, апасы башка күйөөгө чыгат. Ата-энеси жергиликтүү салтка ылайык бойго жеткен кызды 5 миң доллар калыңга отуз жаштагы жигитке сатышат.

Cахар Гүл ооруканада. Кабыл, 31-декабрь 2011
Cахар Гүл ооруканада. Кабыл, 31-декабрь 2011
Күйөө баланын кээ бир айылдаштары Сахар Гүлдү сойкулук кылдыруу үчүн кыйнашкан деп боолгошот.
Ооганстандын Аялдар иштери боюнча министрлигинин Багламдагы бөлүмүнүн директору Зарифи айым 15 жашар Сахар Гүл кыйноодон аябай чүнчүп да, коркуп да калганын айтат:

- Ал кыз алты-жети ай мурда күйөөгө чыккандан тарта ар үч же төрт күн сайын уруп-сабалып турган. Анын абалы аябай оор. Кимдир бирөө бечаранын сол колун өйдө көтөрсө, ал үнүн баса албай кыйкырат. Балким анын колу сынган болсо керек. Териси инфекциядан бузулуп барат. Дарыгерлер инфекция болгон деп ойлошот. Ал кыз психологиялык жактан да аябай чүнчүп калыптыр. Менин оюмча, анын жалпы ахывалы өтө начар.

Сахар Гүлдүн ата-энеси куда тарап кызы менен не кездешүүгө, не уюлдук телефон аркылуу сүйлөшкөнгө мүмкүндүк бербей коюшкандан кийин полицияга кайрылышкан. Шордуу кызды полиция күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндөгү зындандан бошоткон соң 28-декабрда Кабыл госпиталына жеткирилген. Мына ошондон кийин 15 жашар кыздын тагдыры бүт дүйнөгө маалым болду.

Ооган аялдар БУУнун Качкындар агенттиги берчү азык түлүктү aлганы кезекте турушат. Кабыл, 27-декбарь 2011
Ооган аялдар БУУнун Качкындар агенттиги берчү азык түлүктү aлганы кезекте турушат. Кабыл, 27-декбарь 2011
Ооган өкмөтү Сахар Гүлдү Индияга дарыланууга жөнөтмөк болууда. 2-январда президент Карзай жаш келинди кыйнаган адамдарды жоопко тартууга чакырды. Баглан райондук полициясы Гүлдүн кайынэнеси, кайынэжеси камакка алынганын, ал эми кайнагасы менен кайнатасына издөө салынганын билдирди. Ооган бийликтери Коргоо министрлигине кыздын Гүлдүн Гелман провинциясында кызмат өтөп жүргөн күйөөсүн камакка алганды буйруду.

Ооганстандын Адам укуктары боюнча күнкорсуз комиссиясы 15 жашар Сахар Гүл кыйноонун эң жаман түрүн баштан кечирди деп жарыялады. Комиссиянын Кабылдагы кеңсесинин башчысы Шамсулла Ахмадзай Ооган өкмөтүнө кайрылып, Сахар Гүлдү кыйнаган тозокулардын соттолушун талап кылды: “Биз тартип сактоо жана сот органдарынан бул окуяны саалгытпай иликтөөсүн талап кылабыз. Көңүл иренжиткен жамандыкты жасаган кылмышкерлер Ооганстандын заң-закондоруна ылайык соттолууга тийиш”,-деди Шамсулла Ахмадзай.

XS
SM
MD
LG