Кечээ Венада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушууда баш катчы Пан Ги Мун Кыргызстандагы саясий өзгөрүүлөрдү мактоого алып, “бийликтин тынч алмашканы” кыргыз демократиялык күчтөрүн бириктиргенин, региондогу башка өлкөлөргө өрнөк болгонун белгиледи.
Кыргызстанда 2010-жылдагы ыңкылапта президент Курманбек Бакиев бийликтен кулатылган. Ошол эле жылы октябрда өлкө парламенттик, кийинки жылы октябрда президенттик шайлоолорду өткөрдү.
Министр Казакбаев менен Пан Ги Мун Кыргызстандагы элдешүү жараянынын жүрүшү, баңги аткезчилигине каршы күрөш жана Ооганстандагы тынчтык процесси тууралуу да сүйлөшкөнү айтылууда.