Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Казакстандык ишкер Мухтар Аблязов Британияда 22 айга түрмөгө кесилди


Kazakhstan - Disgraced businessman Mukhtar Ablyazov, ex-president of BTA bank, undated
Kazakhstan - Disgraced businessman Mukhtar Ablyazov, ex-president of BTA bank, undated
Британ соту казакстандык оппозициялык саясатчы жана бизнесмен Мухтар Аблязовду “сотту урматтабаганы” үчүн кечээ түрмөгө кескен өкүмүн чыгарды. Ишкер азырынча камакка алына элек.

Аблязовго чечим Казакстанда БТА банктын жетекчиси болуп турган 2005-2009-жылдар ичинде 4 млрд.долларды уурдаган деген кылмыш ишинин алкагында чыгарылды. Соттун отурумуна Абзялов өзү катышкан жок. Сот буга чейинки буйрукка карабай, саясатчы өзүнүн жашыруун активдерин толук көрсөтпөй койду, муну менен “сотту сыйлабаганын көрсөттү” деп тапты.

Британиядан башпаанек алган казак ишкерин банктын азыркы жетекчилиги акча уурдаган деп айыптап жатат. Азыр бул банк казак өкмөтүнө карайт. Абзялов өзүнө тагылган айыпты четке кагып, кылмыш иши саясий себептерден улам ачылган деп келатат.

XS
SM
MD
LG