Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Бишкекте жапондордун кендо спорту боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө


Таймаш Жапониянын Кыргызстандагы элчисинин кубогуна арналган. Ага Борбор Азия өлкөлөрүндө жашап-иштеп жүргөн жапондуктар жана кыргызстандык спорт ышкыбоздору катышууда. Жалпысынан элчинин кубогу үчүн 33 спортчу күч сынашууда. Мелдешти Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Син Маруо ачып берди.

Кендо – самурайлардын кылыч чабышуу өнөрү. Кыргызстанда былтыр мелдеш биринчи жолу уюштурулган. Быйыл таймаш Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык кызматташтыгынын 20 жылдыгына карата өтүп жатат. Кендо бүгүн Чолпонбек Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайында башталды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG