Бүгүн таңга жуук Бишкектеги Абдулла Али мечитинде өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун айтымында, эки сааттын ичинде өрт өчүргүчтөр өрттү толугу бойдон өчүрүштү. Адам өмүрүнө зыян келген жок. Мечиттин чатыры, эшик-терезелери, килем жана иш кагаздар күйүп кетти. Кырсыктын себеби электр жабдуусун куроо эрежесинин сакталбаганы экени айтылууда. (RK)