Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Орусия жаш чек арачыларды тарбиялоого жардамдашат


Ош шаарындагы №4 мектеп-гимназияда Жаш чек арачылар ийрими иштей баштайт. 20-февралда ал жерде атайын каана ачылды. Чек ара кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, жаш чек арачылар каанасы Кыргызстандын жана Орусиянын чек арачыларынын биргелешкен аракети менен ачылды. Максаты мектеп окуучуларын Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын кайтаруу тарыхы менен тааныштыруу, аларды мекенчил кылып тарбиялоо болуп эсептелет. Китеп жана башка окуу куралдарын Орусиянын кызматташтык мекемеси тартуулады.

Келечекте Чек ара кызматы мындай мектеп кааналарын чек ара отряддары жайгашкан баардык аймактарда ачууну пландап жатат. Быйылкы жыл Чек ара кызматында Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тарых жылы деп жарыяланган. Кыргызстан төрт мамлекет - Казактсан, Кытай, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет.(RK)

XS
SM
MD
LG