Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Маркум Эшбаевдин жакындары парламентке барышты


Ушу тапта Жогорку Кеңештин алдында маркум милиционер Айбек Эшбаевдин жакындары митингде турушат. Эшбаевдин жубайы Шаангүл Эшбаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, чогулгандардын саны жүздөй киши. Алар менен чогуу митингге катышып жаткан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровдун айтымында, нааразылык акциясынын катышуучуларынын саны 25-30 киши. Митингчилер Эшбаевдин өлүмүнө жол бергендерди жазалоо талабын коюп жатышат. Пара алды деген шек менен кармалган милиционер, Бишкектин жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаев жакында УКМКнын тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары күмөн жараткан жагдайлар бар экенин айтышууда. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. 21-февралда Эшбаевдин туугандарын баш прокурор Аида Салянова кабыл алып, тергөөнүн жол-жобосу, экспертизанын тыянактарына жараша окуяга юридикалык баа берилээрин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG