Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Түркмөн президенти Улуттук Олимпия комитетинин төрагалыгына кайра шайланды


Түркмөнстандын Улуттук Олимпия комитетинин Башкы ассамблеясы Гурбангулы Бердымухаммедовду төрагалыкка дагы бир төрт жылдык мөөнөткө жекшембиде бир добуштан шайлады. Комитеттин мүчөлөрү президентти дене тарбиясына жана спортко артыкчылык берип жатканы үчүн макташты.

Жыйында түркмөн спортчулары быйыл жайдагы Лондон Олимпиадасынан олжолуу кайтарына үмүт артылып, Ашхабадда 2017-жылы Азиянын жабык жайлардагы жана мушташ өнөрлөрү боюнча 5-оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланды.

Улуттук Олимпия комитетинин төрагалыгына дагы бир мөөнөткө шайланардан эки апта мурун Гурбангулы Бердымухаммедов президенттикке экинчи мөөнөткө шайланган. (UE)

XS
SM
MD
LG