Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Хоккей: “Арстан” командасы утту


Бүгүн Бишкекте шайба хоккейинин өлкө чемпиондугу үчүн финалдык беттешүүсү болду. Анда Нарын шаарынын “Дордой” - “Ала-Тоо” командасы менен Бишкектин “Арстан” командасы беттешти. Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыповдун “Азаттыкка” айтымында, 5-6 эсебинде “Арстан” алдыга чыкты. Ал эми 3-орун Чүйдүн “Горняк” командасына буюрса, Жумгалдын “Чаек” командасы 4-орунга ээ болду.

Жалпысынан муз үстүндө өлкөнүн 9 командасы мөөрөй талашкан. Чемпионаттын биринчи, экинчи бөлүгү былтыр сентябрь жана декабрь айларында өткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG