Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Баалуу өсүмдүктөрдү кыюуга тыюу узартылат


Кыргызстандын аймагында жаңгак жана арча өңдүү баалуу өсүмдүктөрдү кыюуга киргизилген мораторийдин мөөнөтү узартылат. Бул боюнча атайын мыйзам долбоору даярдалып бүткөнүн анын демилгечиси, депутат Эсенгул Исаков “Азаттыкка” билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда дарактарды кыюуга тыюу салган мыйзамдын мөөнөтү быйыл бүтүп жатат. Мораторий киргизилген соңку беш жыл ичинде баалуу дарактарды кыюу кыйла азайган. Мындан улам мораторийди узартуу зарылчылыгы келип чыгууда. Бүгүн Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети жаңгак жана арча өңдүү баалуу дарактарды кыюуга, сатууга жана пайдаланууга каршы мыйзам долбоору талкууламакчы. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG