Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:38

Пакистанда автобус аткыланды


Пакистанда жүргүнчү ташыган автобуска болгон кол салуудан кеминде 18 киши набыт кетти. Атын атагысы келбеген полиция өкүлү диний азчылыкты түзгөн шийилер бараткан автобусту сунилер деп шектелген адамдар аткылашканын “Азаттыктын” Пакистан кызматына айтты. Окуя бүгүн эртең менен Кохистан чөлкөмүндөгү тоо этегиндеги алыскы айылда болгон. Автобус баш калаа Исламабаддын жанындагы Раванпилди шаарынан түндүктөгү Гилгитке бараткан. Жергиликтүү полиция башчысы Мохаммад Илиястын ырастоосунда, жолдун боюна жашынган куралчан адамдар унааны эки жагынан аткылай башташкан.

XS
SM
MD
LG