Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:16

Астрахандагы кырсыкта набыт болгондордун саны 9га жетти


Орусиянын Астрахан шаарындагы турак жайда газ жарылуусунан курман болгондордун саны 9 кишиге жетти. Урандыларда дагы 1 кишинин сөөгү табылды. Жарадар болгон 18 кишинин бешөө ооруканада кала берүүдө. Дагы 1 кишинин дайыны белгисиз. Кечээ батирлердин биринде газ жарылганда, көп кабаттуу үйдүн бир капталы урап кеткен. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

“Астрахангазсервис” ишканасынын 4 кызматкери жана ЖЭКтин директору камакка алынды. Кырсык болгон жерге бүгүн премьер-министр Владимир Путин барды. Шаар бийлиги ураган үйдүн бардык тургундарына жаңы квартира жана 1 миллион рубл компенсация берилээрин убада кылды.

XS
SM
MD
LG