Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Ташиев: Орусия менен мамилени бузбаш керек


Бүгүн Ошто өтүп жаткан митингде сөз сүйлөгөн “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Кыргызстан Орусия менен мамилесин бузбаш керек деп билдирди. “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, Ташиев азыркы бийлик Орусия менен өнөктөштүк мамилесин бузуп алуу коркунучунда экенин, орусиялык базанын Кантта турушу Кыргызстандын коопсуздугу үчүн керек экенин билдирди. Буга чейин “Ата-Журттун” дагы бир лидери Акматбек Келдибеков Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, Орусияны Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү катары сыпаттаган. (SE/KKs)

XS
SM
MD
LG