Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Мамлекеттик туунун 20 жылдыгы белгиленүүдө


Бул окуяга карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында мамлекеттик тууну салтанаттуу көтөрүү аземи өттү. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилери катышты.

Аземден кийин аянтта жаштар, улуттук гвардиянын аскер кызматкерлеринин парады жана Бишкектин борбордук көчөлөрүндө туу менен жүрүштөр өттү.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эки күн мурда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Мамлекеттик туунун күнүн республиканын бардык аймактарында белгилөөнү тапшырган.

Ал ортодо мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелер көтөрүлүп, бул боюнча Жогорку Кеңеште депутаттык комиссия иштеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG