Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

"Манаста" жүздөгөн адам Москвага уча албай турат


Бишкектеги "Манас" аба майданында кечээтен бери Москвага үч каттам кармалып, 300дөн ашуун адам учуп кете албай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нурмамат Жусупов аттуу жүргүнчү кабарлады. Анын айтымында, кечээ кечки каттамга батпай калган адамдар болгон. Бүгүнкү эртең мененки каттамдар да кармалууда, бирок мунун себебин эч ким түшүндүрө элек.

Каттамды уюштурган “Бишкек эйр” компаниясы менен байланышуубуздан азырынча майнап чыга элек, бул компаниянын кеңсесинен телефон чалууларга жооп болбой жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG