Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Ирактагы кол салуудан 27 полицей каза тапты


Окуя өлкөнүн батышындагы Анбар провинциясында болду. Полициянын ишениминде, бул “ал-Каида” согушкерлеринин координацияланган чабуулу өңдөнөт. Аскерий кийимчен куралчандар полициянын көзөмөлдөп өткөрүүчү жана коопсуздук бекеттерине кол салып, кеминде эки офицердин үйүнө жортуул жасашкан.

Атышуу учурунда кол салгандардын бири жок кылынган. Маалымат агенттиктери Ирак полициясынын өкүлүнө шилтеме жасап кабарлагандай, координацияланган чабуулга 50дөн ашуун согушкер тартылгандай. (UE)

XS
SM
MD
LG