Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Кыргызстан Катарда элчилигин ачат


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен Катардын эмири Шейх Хамад Бин Халифа Аль Тани Бишкек менен Дохада эки өлкөнүн элчиликтерин ачууга макулдашты. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Катар тарап кыргыз элчилигинин бардык чыгымдарын өзүнө алаарын билдирди. Өкмөт башчынын Катардагы бул жолугушуусунда ар кыл экономикалык долбоорлорду ишке ашыруучу кыргыз-катар биргелешкен инвестициялык фондун түзүү маселеси талкууланды. Алгачкы кадам катары катардык компания Кыргызстанга атайын топ жөнөтүп, Кыргызстандан чыккан экологиялык продукцияларды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн териштире турган болду. (KKs)

XS
SM
MD
LG