Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Акмат Бакиев жеке ооруканадан качканы аныкталды


Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиев Бишкектеги жеке менчик ооруканадан 3-мартта качканы аныкталды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматы расмий билдирүүсүндө кабарлады. Маалыматка ылайык, Акмат Бакиев ушул жылдын башында №35 жатак абагына которулган. 24-январда ден-соолугу начарлап кетти деп айтылып, Бишкектеги №6 ооруканага жаткырылган. Ал жерде 6-февралга чейин жатып, андан соң Бишкектеги жеке менчик ооруканага которулган. 3-мартта 35-жатак абагынын кызматкерлери ооруканага келгенде Акмат Бакиев жок болуп чыккан. Азырынча бул кайсы жеке оорукана экени ачыктала элек.

Натыйжада Жаза аткаруу кызматы Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук комитети менен Чек ара кызматтарына тиешелүү сунуштамаларды жөнөттү.

Акмат Бакиевдин Кыргызстандын чек арасынан чыккан-чыкпаганы белгисиз бойдон калууда. Бакиевдин коомдук жактоочусу, укук коргоочу Бүбүайша Арстанбекова бул боюнча маалыматы жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

Акмат Бакиев 2010-жылдын май айында тополоң уюштурган, улут аралык араздашууну көкүткөн, курал жаракты мыйзамсыз алып жүргөн, тоногон жана жерлерди мыйзамсыз басып алган деген айыптоолор боюнча Жалал-Абад шаардык соту тарабынан 7 жылга кесилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (KKs)

XS
SM
MD
LG