Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Ооганстандагы АКШнын аскерий жүгү Кыргызстан аркылуу өтөт


Бул тууралуу Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш боюнча жүк ташууга ылайыкташкан АКШнын FMN Logistic компаниясынын расмий сайты билдирүүдө. Маалыматка ылайык, Ооганстандан чыккан алгачкы 20 жүк ташуучу унаа ооган-тажик чек арасынан 29-февралда өткөн. Ар биринде 25 тоннадай жүк салынган бул унаалар Тажикстан аркылуу Кыргызстанга келет. Бишкекте жүк темир жол вагондоруна жүктөлүп, андан ары Казакстан жана Орусиянын аймагы аркылуу Латвиянын портуна жиберилет. Андан соң деңиз жолу менен АКШга жөнөтүлөт. Маалыматка ылайык, АКШнын аскерий жүктөрү Тажикстан-Кыргызстан-Казакстан аркылуу биринчи жолу өтүп жатат. Бул Өзбекстан аркылуу кеткен маршрутка альтернативдүү жол болуп саналат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги болсо жүк салынган унаалар Ооганстандан чыкканын “Азаттыкка” тастыктап, бирок ал Кыргызстан аркылуу өтүп-өтпөй турганы белгисиз экенин билдирүүдө. Элчиликтин пресс-атташеси Кристиан Врайттын айтымында, бул жүк адам өмүрүнө эч кандай коркунуч туудурбайт:

- Ооганстандан бир нече жүк ташуучу машинелердин чыкканы бышык. Ал жүктөр түндүк жүк бөлүштүрүү тармагы аркылуу АКШга жеткирилет. Бул жүк ташуучу унаалар түндүк жүк бөлүштүрүү тармагы аркылуу каттаган башка унааалардай эле өлүмгө алып келбөөчү жабдыктарды ташууда. Аталган унаалар Ооганстандагы күчтөрдү колдоодо керектелбеген жабдыктарды ташып жатат. АКШ Ооганстандагы Америка күчтөрүн колдоо үчүн ар кыл жолдор аркылуу ташууну көздөйт. Ушундай жүктөрдүн кээ бирлери Борбор Азия мамлекеттери аркылуу ташылат, - деди Врайт.

Март айынын башында Улуу Британиянын Куралдуу күчтөр боюнча мамлекеттик министри Ника Харви баштаган делегация Бишкекке иш сапары менен келип кеткен. Британ тарап Ооганстандагы аскерий күчтөрү менен жабдууларын Кыргызстан аркылуу алып кетүү сунушун кыргыз бийлик башчыларына билдирген. Кыргыз тарап президент, премьер-министр, парламент чогулуп, бул маселе макулдашылгандан кийин жооп берерин ачыктаган. Ооганстандагы НАТО күчтөрү 2014-жылдын аягына чейин чыгарылаары мерчемделген. (KKs)

XS
SM
MD
LG