Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Караколдо үч бекеттин добуштары кайра саналышы мүмкүн


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Марат Султанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, азырынча Караколдогу 24 добушкананын 21инин гана протоколдору кабыл алынды. Калган үч добушкана боюнча талаштуу пикирлер пайда болгондуктан, шаардагы аймактык шайлоо комиссиясы добуштарды кайра саноого ниеттенип жатат. Марат Султанов Караколдо шайлоочулардын өздөрүн тизмеден таппай калышын, жаңы киргизилип жаткан ыкма деп түшүндүрдү. Ал ыкмага ылайык, Караколдо президенттик шайлоого келгендер гана тизмеге кирген. Кирбей калгандары ысымдарын алдын ала келип тактап кетүүгө милдеттендирилген.

Караколдогу шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон “Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмеси шаардагы аймактык шайлоо комиссиясына 12-мартка чейин убакыт берип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG