Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Өкмөт башчы жолдордогу паракордукту тыюуга чакырды


Мындай тапшырманы Өмүрбек Бабанов кечээ күч органдарынын башчылары менен жолугушуу учурунда берди. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлашынча, премьер-министр жарандардан МАИ кызматкерлеринин үстүнөн даттанган арыздар көп түшүп жатканын белгилеп, ИИМдин жетекчилигине бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну буйруду.

Пара алды деген шек менен кармалган Бишкектин жол коопсуздугу башкармасынын кызматкери Айбек Эшбаев жакында УКМКнын тергөө абагында каза тапкан. Ал асынып өлдү дешкени менен, туугандары бир топ жагдай боюнча күмөн жараткан суроолору бар экенин айтып чыгышкан. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG