Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:55

Ош: "Улуттар биримдиги" көпчүлүктү түзбөй калышы да мүмкүн


Ош шаардык кеңеши үчүн добуш берүүдөн. 4-март, 2012.
Ош шаардык кеңеши үчүн добуш берүүдөн. 4-март, 2012.

Ош шаардык кеңешине 4-мартта өткөн шайлоонун жыйынтыгы толук чыкпай, алдыга чыккан партия канча орун алаары белгисиз бойдон турат.

Ошого байланыштуу партиялар арасында коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр, соодалашуулар жүрө баштаганы айтылууда.

Тагдыр чеччү эки орундан талаш чыкчудай

Алдын ала чыккан жыйынтыктарга ылайык, Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк орунду Мелис Мырзакматовго таандык делген «Улуттар биримдиги» партиясы ээлеши керек. Тагыраак айтканда, 23 мандат бул партияга тиешелүү. КСДП партиясы 11 орун алса, «Республика» партиясы 8 мандатка, «Адилеттүү Кыргызстан» 2 мандатка ээ болуп, «Ата Мекен» партиясынан 1 киши депутат болушу мүмкүн.

Бирок бул жагдай таптакыр башкача өңүттө өнүгүшү мүмкүндүгүн айткандар бар. Маселен, жалпы добуштун 47 пайызын алган «Улуттар биримдиги» 21 мандатка ээ болуп калса, анда бул партия өзүнө башка бир партияны өнөктөштүккө тартууга мажбур. Бирок серепчи Кадыр Кубат ага чейинки жагдайлар талаш-тартыш жаратаарын айтат:

- Аймактык шайлоо комиссиясы «Улуттар биримдиги» партиясы 47% добуш алган деп жар салган. Аны бул партия деле жокко чыгарбайт. Бирок арифметикалык жактан эсептеп көргөнүбүздө деле бул пайыз жалпы добуштун жарымынан аз дегенди түшүндүрүп турат. Демек, бул партия 45 орундун жарымынан азын алышы керек. Башкача айтканда, 23 орунга ээ боло турган партия 50 пайыздан ашык добушка ээ болуусу кажет. Ага карабай шаар мэри Мелис Мырзакматов «биз 23 орун алдык, эгер бизге мынча орун тийбей калса аны бизден тартып алган болот» деген билдирүүлөрдү айтып чыга баштады. Бул азыр элди ар кандай пикирге алып келип коёт. Маселен, эртең соңку жыйынтыкта «Улуттар биримдиги» 21 орун алып калса булар элди дагы козгоп чыгышы мүмкүн.

Кадыр Кубаттын белгилешинче, соңку жыйынтыктарга жараша кырдаал эки нукта өнүгүшү мүмкүн:

- Партиялар шайлоого баргандагы башкы максаты - шаардын жетекчи кызматы экендиги жашыруун эмес. Бирок эми ошого карабай КСДП, «Республика» партиялары Оштогу кырдаалды эске алып, көпчүлүк добушту алган «Улуттар биримдигине» жол берип, өз талапкерин мэрликке алып чыкпашы мүмкүн. А экинчи варианты, аз орун алган «Ата Мекен» менен «Адилеттүү Кыргызстан» коалицияга кирүүгө макул болуп, КСДП менен «Республикага» кошулса, Мырзакматовдун партиясы алдыга чыкканына карабай оппозициялык блокто калат. Анда Мырзакматов кызматтан кетет. Менимче, окуя ушул эки варианттын биринде жүрөт.

Партиялар соодалашууда

Башка бир талдоочу Төлөгөн Келдибаев да учурда партиялар арасында соодалашуулар жүрүп жатканын белгилейт:

- Чынын айтканда, «Улуттар биримдиги» партиясы жеңди дегенге али эрте. Биринчиден, алар жарымдан көп мандатка ээ боло албай калышы мүмкүн. Экинчиден, ушул партиянын ичинде деле учурдагы борбордук бийликти колдогон кишилер бар. Натыйжада, булар көпчүлүктү түзгөн учурда деле добуш берүү маселеси ар нерселерди чечип коёт. Негизи бир эле бул партия эмес, баардыгы эле бири-бири менен сүйлөшүүгө, соодалашууларга барып жатат. Башкача айтканда, партиялар коалицияга кирсе вице-мэрлик кызматты, же башка бир мамлекеттик ишкананын жетекчилик кызматтарын сурашат. Анан ошого жараша саясат кетет.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарышка толук чекит койгуча Ошто партиялар ичинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын партия өкүлдөрү да четке какпайт.

КСДП партиясынын өкүлү Гүлсана Эсенбаева «Азаттыкка» мындай деди:

- Эгер «Улуттар биримдиги» 23 мандатка ээ боло албай калса, анда табигый түрдө биз КСДП, «Республика» жана «Адилеттүү Кыргызстан» партиялары биригүүгө өтөбүз. «Ата Мекен» партиясынын саясаты азыр толук белгисиз. Бирок ал деле бизге идеялык жактан алыс эмес партия. Негизи баарыбыздын эле максатыбыз бир да. Шаарды башкаралы, өнүктүрөлү, өстүрөлү дегендей. Бирок эми азырынча толук жыйынтык чыга элек. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Деген менен коалиция түзүү зарылчылыгы туулуп калса, 1-2 мандатка гана ээ болгонуна карабай «Ата Мекен» партиясы менен «Адилеттүү Кыргызстан» партиялары чечүүчү роль ойной тургандай. Маселен, булардын бирөө «Улуттар биримдигине» кошулса эле бул партияны оппозициялыктан куткарат. Же тескерисинче.
«Улуттар биримдиги» партиясы да шаардык кеңеште көпчүлүктү түзүү үчүн бул партиялардын бирөө жарымы менен биригүүгө барышы ыктымал.

«Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Таалайбек Сабиров буларга токтолу:

- Биз бул маселе боюнча азыр ойлоно элекпиз. Бирок зарылчылык туулса кайсы партия менен болсо да коалиция түзүүгө бара алабыз. Ошол эле «Республика», ошол эле «Ата Мекен», же «Адилеттүү Кыргызстан» партиялары менен кошулсак болот. Биз ага каршы эмеспиз. Эң эле негизгиси оюбуз бир болушу керек. Ошентсе да «чөжөнү күздө эсептейбиз». Азыр 21 мандат деп силер айтып атасыңар, 22 мандат деп мен айтып атам, 23 мандат деп дагы бирөө эсептеп чыгарып жатат. Ошол себептүү БШК толук жыйынтыкты чыгаргандан кийин гана бир жактуу чечимге келебиз.

Бирок ал азырынча өз партиясы көпчүлүктү түзөт деп ишенип турат.

Ош шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 4-мартта өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматташтырылган системасындагы маалыматка ылайык, “Улуттар биримдиги” партиясы 47,35 пайыз добуш менен алдыга чыккан.

Социал-демократтар 23,98, “Республика” 17,07, “Адилеттүү Кыргызстан” 5,05, ал эми “Ата Мекен” 2,3 пайыз добуш алды. “Замандашка” 1,67, “Элдик демократиялык” партияга 0,98 пайыз добуш тийди.

Бирок байкоочулар Оштогу добуш берүү бир топ мыйзам бузуулар менен өткөнүн айтып чыккан. 9 шайлоо бекетинде бюллетень таштоо, 10 шайлоо бекетинде “карусель” ыкмасы, 5 шайлоо бекетинде байкоочуларга кысым жасоо, 10 шайлоо бекетинде үгүт жүргүзүү, 7 шайлоо бекетинде кайталап добуш берүү фактылары катталган.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG