Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:56

ЖАК: Акмат Бакиев жатак абагына мыйзам чегинде которулган


Бүгүн Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир туууганы Акмат Бакиевдин качканында мекеменин күнөсү жок деп билдиришти. Кызматтын басма сөз катчысы Александр Никсдорф Акмат Бакиев жатак абагына тиешелүү документтердин негизинде, мыйзам чегинде которулганын билдирди. Мындан тышкары Жаза аткаруу кызматы Бакиевдин качып кетиши жаап жашырылбаганын, алар 3-марттан бери издөө иштери жүрүп жатканын белгиледи.

2010-жылдагы башаламандыктар боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев 3-мартта жеке ооруканадан качып кеткени кабарланган. Жыл башында №35 жатак абагына которулуп, ал жерден ден-соолугу начарлап кетти деп айтылып, ооруканага жаткырылган болчу. (BkA/KKs)

XS
SM
MD
LG