Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

АКШ: Санторум дагы эки штатта жеңди


Мурдагы сенатор Рик Санторум Алабама жана Миссисипи штаттарында республикачылардын ички партиялык шайлоосун жеңди. Миссиспиде добуштардын 96 проценти саналып бүткөндө түшкөн маалыматка ылайык, Санторум 33, Ньют Гингрич – 31 жана Мит Румни 30 процент добуш алышты. Алабамада да Санторумга шайлоочулардын 35 проценти артыкчылык беришкен.

- Биз бардык жерлерде таймашабыз. Эми консерваторлордун биригүүсүнө учур келди. Шайлоодогу жеңишибизди камсыздоо убакыты келди. Шайлоону жеңүү үчүн Барак Обама менен атаандаша турган, аны бардык маселелер боюнча ута турган консерваторду тандоо керек, - деди Санторум Алабамадагы добуш берүүнү жеңгенин уккандан кийин.

Эми буга чейин алдыда келаткан Румнинин туруму кыйындады. Республикачылардын кандидаты августта Флоридадагы курултайда көргөзүлөт. Президенттик шайлоо АКШда ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG