Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Оооганстандын түштүгүндө миңдей адам демонстрацияга чыкты


Алар америкалык аскер тарабынан өткөн жекшембиде он алты жөнжай тургундун өлтүрүлүшүнө нааразылык билдиришти. Демонстрация ал кандуу окуяга болгон Кандагар провинциясына коңшу Забул провинциясынын Калат шаарчасында өттү. Бул кылмыш үчүн айыпталган аскер кечээ Ооганстандан чыгарылып кеткен. Америкалык расмий өкүлдөр ал АКШнын аскерий сотунда жоопко тартыларын билдирүүдө.

Кечээ Ооганстанга иш сапары менен АКШ коргоо министри Леон Панетта барган. Панеттанын учагы Гильменд провинциясындагы Бастион базасына конуп жаткан кезде, бир ооган учак конуучу тилкеге жүк ташуучу унааны катуу ылдамдыкта айдап чыгып, унаа өрттөнүп кеткен.

Унаанын айдоочусу алган жаратынан улам каза тапкан. Башка эч ким жабыр тарткан эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG