Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

16-мартка карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
15-19-мартта жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу унаа жолдорунда кар көчкүсү болушу күтүлүүдө. Кар күрткүсү болот жана жолдордо муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жолго чыккан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
16-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан-чачын күтүлөт, Ысык-Көл облусунда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот. Тоолуу жерлерде жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 7...12,
Талас облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 4...9,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 4..9 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз 0...5,
Нарында түнкүсүн -5...-10, күндүз -2..+3,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -10..-15, күндүз -3...-8,
Тоолордо түнкүсүн -14...-19, ал эми күндүз -5..-10 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Батыш тараптан шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3...5 градус жылуу, күндүз 9...11 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG