Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

АКШ Кыргызстандын курал-жарак коопсуздугуна жардам берет


АКШ Кыргызстанда жеңил курал жана ок дары сактоо ишин жакшыртууга жардам берет. Бул тууралу америка өкмөтүнүн өкүлдөрү Венада өтүп жаткан ЕККУ форумунда айтышты. Грант түрүндө 500 миң доллар берилмей болду. Тышкы иштер министрлигинен маалымдашкандай, Венадагы эл аралык жыйында өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдын террорчулардын колуна өтүп кетпешин камсыз кылуу маселеси талкууланууда. Бул багытта Кыргызстанда жасалып жаткан иштер тууралуу Экономика жана монополияга каршы министрликтин өкүлү маалымат берди, тиешелүү план иштелип чыкканын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG