Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Бүгүн Аксы окуясы эскерилип жатат


Бүгүн Жалал-Абад облусундагы Аксы районундагы 2002-жылы 17-марттагы кандуу окуя эскерилүүдө. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев, коомдук жана саясий ишмерлер Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев катышып жатат.

Боспиек айылында өткөн эскерүү митингине 500-600 чамалуу киши катышканын, алардын арасында Аксы окуясында жарадар болгондор да бар экендигин "Азаттыктын" жергиликтүү кабарчысы маалымдады. Митингден кийин
Шейит кеткендерге куран окутулду.

Аксы окуясынын 10-жылдыгына арналган эскерүүлөр Бишкекте да өтүп жатат. Ага премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков баштаган бийлик өкүлдөрү катышууда. Тарых музейинде сүрөт-документтер көргөзмөсү ачылды.

2002-жылы 17-мартта Аксынын Боспиек айылында нааразылык акцияга чыккан элге каршы ок атылып, 6 адам мерт болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG