Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Казакстан: эки оппозиционер дагы бир ай абакта кармалат


Бүгүн Алматы соту оппозициячыл “Алга” партиясынын лидери Владимир Козловду жана саясатчы Серик Сапаргалини дагы бир ай абакта калтыруу өкүмүн чыгарды. Нурсултан Назарбаевдин бийлигин катуу сынга алган бул эки саясатчыга "социалдык жаңжалды козуткан" деген күнөө тагылып, тополоң чыккан Жаңы-Өзөн аймагына барып келишкенден кийин 23-январда кармашкан.

26-январда сот аларды эки ай абакта кармоо чечимин чыгарган болчу.

Өткөн жылдын декабрында Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында бийликке нааразычылык билдирген мунайчыларга полиция ок ачып, 16 киши набыт болгон эле. Абакта жаткан Сапаргали менен Козлов соттун бул чечимин президент Назарбаевдин атаандаштарына болгон кысымы катары сыпаттап жатышат.

XS
SM
MD
LG