MegaCom уюлдук байланыш компаниясы ("Альфа телеком") боюнча камакта отургандардын укугу бузулууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" камакта жаткан Алмаз Абековдун жубайы Бактыгүл Тилегенова билдирди. Анын айтымында, камалгандарды адвокаттар жана жакындары менен жолуктурбай жатышат. Адвокаттар тергөө абактын ичинде айнек тосмо аркылуу гана сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушууда. Бирок ал телефон байланышынын сапаты начар экени айтылууда. Тилегенова ошондой эле камактагыларга гезит-журнал берүүгө да уруксат бербей жатышканын айтты.
"9-мартта УКМКнын байкоочу кеңешинин өкүлдөрү аркылуу бир аз гезит берип жибере алдык", - дейт Тилегенова.
Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун башкы директору Азамат Мурзалиев, жоопкерчилиги чектелген “Новострой Сервис” коомунун башчысы Аман уулу Кенжебек жана “Альфа Телекомдун” башкы директорунун кеңешчиси Алмазбек Абековду УКМК 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп айыптап жатат. Бул факт боюнча кылмыш иш козголгон.
1-февралда Мурзалиевди, Аман уулун жана Абековду тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында 31-мартка чейин кармоо тууралуу сот чечими чыккан болчу.
Камалгандардын тарапкерлеринин пикиринде, аларга тагылып жаткан айыптоолор негизсиз. (RK)