Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Баткен: Нооруз майрамы облакимчилик алдында өтүп жатат


Баткенде быйылкы Нооруз майрамы облустук акимчилик алдындагы чакан аянтчада өтүп жатат. Кабарчыбыздын маалымдаганына караганда, жылда Нооруз шаардын стадионунда өтчү. Быйыл аба ырайына байланыштуу аянтчада өтүүдө. Соңку бир нече күн Кыргызстандын дээрлик баардык аймактарында кар жаап, аба муздады. Бүгүн гана күн ачылып, жылый баштады.

Баткендиктер үчүн кол өнөрчүлүк буюмдардын көргөзмө-жарманкеси, тамак-аш уюштурулуп, салтка ылайык сүмөлөк таратылды, арчалап алас ырымы жасалды. Элди облус губернаторунун милдетин аткаруучу Жеңиш Разаков жана башка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттукташты. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG