Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:35

Бишкек - Ош: Тоодон карды атып көчүрүү иши уланууда


Кар көчкү түшүү коркунучуна байланыштуу Бишкек – Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адам өлүмүнө жеткирбөө үчүн 17-марттан 24-мартка чейин артиллериялык курал менен карды атайылап атып түшүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлоодо.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кой-Таш шаарчасынан келген артиллериялык эсеп жана ӨКМ ыкчам тобу 21-март күнү саат 11ден 12:44кө чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-чакырымында 6 жолу артиллериялык атуу жүргүзүшүп, 20 миң м³ кар көчкү түшкөн, бирок унаа жолуна жеткен эмес.

Cаат 14:00дөн саат 15:30га чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 133-чакырымында 5 жолу, 136-чакырымында 2 жолу артиллериялык атуу жүргүзүлүп, бирок натыйжа болгон эмес.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 21-мартта саат 14:05тен 14:40ка чейин жолдун 222-чакырымында 13 жолу артиллериялык атуу жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок.

Саат 15те 222,5-чакырымында 1 артиллериялык атуу жүргүзүлүп, натыйжада 50 миң м³ кар көчкү түшкөн.

Саат 16:10дөн 18:00гө чейин 223-чакырымында 27 жолу артиллериялык атуу жүргүзүлүп, натыйжада 1 млн. 500м³ кар көчкү түшкөн, анын 200 миң м³ жолго чейин жеткен.

Кар көчкү коркунучуна байланыштуу Бишкек – Ош жолу 20-марттан бери толук жабык турат. (RK)

XS
SM
MD
LG