Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Адылов: Улуттук кийимге көңүл бурулбай калды


Жалал-Абад шаарында мамлекеттик кызматкерлер жумушка ар жума күнү улуттук кийим кийип келишет. Буга байланыштуу Жалал-Абаддын мэри Бакытбек Адылов “Азаттыкка” маек курду.

Мындай демилге кыргыздын улуттук кийимин кеңири жайылтуу максатында шаардын мэриясы тарабынан көтөрүлгөн. Ушуга байланыштуу кат шаардагы башка мамлекеттик органдарга да жөнөтүлдү.

“Азаттык”: Бул демилгенин максат, маңызы туурасында айтып берсеңиз?

Бакытбек Адылов: Бизде “Кыргыз тил” коому бар, мэрияда да атайын адис иштейт. Ошолор жана мэриянын айрым кызматкерлери да улуттук кийимдерди, үрп-адатты сактасак, барган сайын жаштар батыш стилинде кийинип, каада-салтыбыз унутулуп, кийимдерге көңүл бурулбай калды деп ушундай демилгени көтөрүп чыгышты.

Бул макулдашылып, ар жума күн сайын мэрияда иштеген эркектер калпак, кыз-келиндер кыргыздын оймосу, саймасы сайылган кийим кийип келсин деген чечимге келдик. Бул мэриянын өзүндө жакшы колдоого алынган соң башка мекемелерден да “бизге да кат жолдосоңор, ошонун негизинде кийинсек” деген өтүнүч түштү. Бүгүнкү күндө алар да аракет кылып атышат.

“Азаттык”: Өткөн апта мэриянын кызматкерлери рейд жүргүзүп, улуттук кийим кийбей келген айрым кызматкерлерге эскертүү берилген экен. Кантип көзөмөлдөйсүздөр, анын жол-жобосу кандай?

Бакытбек Адылов: Бул мыйзам менен бекитилген чара же административдик айып салуучу нерсе эмес. Кысуу да эмес, болгону сунуш. Ал эми ушул демилгени мындан ары жайылтуу зарылбы, колдоого алынып атабы, жокпу деген максатта гана рейд байкоо жүргүзүшкөн.

“Азаттык”: Жалал-Абад көп улуттуу шаар эмеспи. Ар бири өз улутундагы кийимдерди кийип чыгышы керекпи?

Бакытбек Адылов: Бул жерде маселе кыргыздын улуттук киймдерин кийүүдө турат. Эч кимге чек коюлган жок, каалагандар өз улуттук кийимдерин кийип келе берет. Негизинен кыргыздын улуттук кийимдерин кийүүгө басым жасалып, аны даңазалоо аракети болгон.

“Азаттык”: Мындан адам укугу бузулбайбы? Ар бири өзү каалаган, жарашкан кийимин киет дегендей...

Бакытбек Адылов: Туура айтасыз. Мэрияда деле ар кайсы өзбек, татар, орус улутундагылар бирге иштешип келатат. Аларга эч кандай кыстоо жок же сөзсүз кийиш керек деген тескеме чыккан жери жок. Болгону “Кыргыз тили” коомун көтөргөн демилгенин негизинде гана сунуш иретинде берилген. Ар ким өзүнүн каалоосу, эрки менен гана киет. Кийбесе жаман көрүү, кагуу же жаза деген нерсе жок.

“Азаттык”: Улуттук кийимдерди көтөтөрүү боюнча жакшы демилге болуп жаткан экен. Бирок “экс-президент Роза Отунбаева улуттук кийим кийип, аны модага айлантты”, - деген сөздөр болгон. Кийимди модага айлантуунун башка жолдорун караган жоксуздарбы?

Бакытбек Адылов: Бул боюнча мэриянын кызматкерлери көп эле иштеп жатышат. Жалал-Абадда Бишкектеги “Кыял” фабрикасынан гана алып келип кийинишсе, азыр Коммерциялык институттун алдында бөлүмдөр бар. Андагы модельерлер кыргыздын улуттук мыкты кийимдерин тигип, мода көрсөтүп, жаштарды да тартып жатат. Бул багытта шаарда жакшы иштер жүрүп жатат. Ошондуктан бул тескери буйрук эмес.

“Азаттык”: Башка кесиптештериңиз эмне деп жатышат, колдоп жатышабы?

Бакытбек Адылов: Биз модельерлер менен байланышып турабыз. Алардын айтымында, башка шаарлардан да улуттук кийимдерге заказдар түшүп жатыптыр. Шаардын аппаратына кайрылып, "кантип кат жөнөттүңөр" деп кызыгып сурагандар бар.
XS
SM
MD
LG