Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Чүй: Стратегиялык мекемелерде террорчулуктан коргонуу начар


Чүй облусунда жайгашкан стратегиялык мааниге ээ мекемелердин террорчулуктан сактануу системасы талапка жооп бербейт. Мындай тыянакка Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын текшерүүдөн кийин келди. "Шартту террорист" операциясы учурунда жасалма жардыргычы бар "шарттуу террористтер" энергетикалык жана өнөр жай мекемелерине эч тоскоолдуксуз эле өтүп кетишкен. Мунун себеби коопсуздук кызматтарынын ишинин начардыгы жана техникалык каражаттардын жетишсиздигинде экени айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG