Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Монголия президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келет


Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж расмий сапар менен Кыргызстанга 3-апрелде келет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Ал кыргыз президентинин чакыруусу боюнча келатат. Сапар эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 20 жылдыгына арналат. Монгол жетекчиси 6-апрелге чейин бир катар жолугушууларга, бизнес-форумга катышып, сапарынын соңунда көлгө барат. (RK)

XS
SM
MD
LG