Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Бийлик менен оппозиция мунасага келдиби?


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция өкүлдөрү менен жакынкы күндөрү эле бир нече ирет жолукканын, көп маселелер боюнча тил табышканын билдирди.

Ал эми оппозиция болсо, тескерисинче, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаганын, талаптары аткарылбаганын айтууда. Анткен менен серепчилер оппозиция менен бийликтин бир үстөлгө отуруп, сүйлөшүүсүн жаңы саясий маданияттын калыптанышы катары балап жатышат.

Жолугушуудагы сүйлөшүү

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов оппозиция өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөнүн 29-мартта Коомдук каналга курган маегинде билдирди. Тагырак айтканда, ал “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен бир ирет, ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров менен эки ирет жолуккан.

Бабановдун айтымында, Мадумаров менен болгон жолугушууда өлкөнүн абалы, оппозициянын талаптары тууралуу сөз болуп, көпчүлүк маселелер боюнча орток пикир табылган.

- Эң негизгиси, ушул жолугушууда мен бир нерсеге ыраазы болдум: элибизде, жерибизде тынчтык, биримдик болсо, регионалдык бөлүнүү болбосо деген маселеде оппозициянын да, биздин да көз карашыбыз бир болуп чыкты. Тынчтыкты сактап калсак деген көз караш болду. Бул - сүйлөшүүдөгү эң негизги принцип болду.

Өкмөт башчынын айтымында, жолугушууда оппозициянын 1-мартта Ош шаарындагы митингде койгон талаптары да талкууланган.

Анда оппозиция июнь, апрель окуяларына күнөөлүүлөрдү жазалоо, жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду адилет өткөрүү, өкмөттү отставкага кетирүү, Баш мыйзамды өзгөртүү жана “Азия Универсал банктын” кутучаларынан алынган акчалар боюнча күнөөлүүлөрдү табуу сыяктуу талаптарды койгон.

Бабанов июнь, апрел окуялары боюнча сот жүрүп жатканын, ал эми шайлоолор адилеттүү өткөнүн Мадумаровго айтканын билдирди. Ал эми өкмөттү отставкага кетирүү боюнча мындай деген:

- Өкмөттү отставкага кетирип, эл ишенимине ээ болгон жаңы курамдын келүүсү боюнча да сүйлөштүк. Мен сүйлөшүүдө “сиздерде өкмөткө кандай нааразычылык бар” деп сурадым. Ал киши “биздин өкмөткө нааразычылыгыбыз жок, себеби ал жаңы гана иштеп жатат, бирок кээ бир министрлерге элдин нааразычылыгы бар” деп айтты. Мен “андай нааразычылык болсо, ошол министрлердин тизмесин бериңиз, биз бул же тигил министрге эл эмне үчүн нааразы болуп жатканын аныктайлы. Ошого жараша чечим кабыл алалы” дедим.

Өкмөт башчы, мындан тышкары оппозицияны Баш мыйзамды өзгөртүүгө шашылбоого үндөп, парламенттик башкаруу системасы менен да жашап көрүү керектигин айткан.

Оппозиция: талаптарыбыз аткарылган жок

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттыкка” курган маегинде өкмөт башчы менен бир гана маселеде орток пикир табылганын билдирди.

- Тил табышканыбыз - эгерде кайсы бир маселе болсо, аны Кыргызстанда будуң-чаң кылбастан, тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү болду. Ошондуктан бийлик эч качан сокур, дүлөй болбой, элдин коюп жаткан талаптарын угуп туруш керек. Бул боюнча позициямды ачык жана так билдирдим.

Мадумаров башка талаптардын бири да аткарылбаганынан улам 31-мартта Баткенде митинг өткөрүүгө камылга көрүлүп жатканын кошумчалады.

Ош, 1-март, 2012-жыл
Ош, 1-март, 2012-жыл
- Ош шаарындагы шайлоо боюнча депутаттар ушул күнгө чейин колдоруна мандат ала элек. Экинчиден, “Кулан ТБ” көмүрүн ким киргизген? Чүйдү, Бишкекти, социалдык мекемелерди ууландырууга түздөн-түз кимдин тишеси бар? “Азия Универсал банктын” кутучаларынан алынган акчанын саны боюнча бүгүнкү күнгө чейин так маалымат жок. Ошолор ким тарабынан алынган жана кайда жумшалган? Эмне үчүн ушул күнгө чейин алардын жоопкерчилиги каралган эмес? Жакында 7-апрель окуясына эки жыл болот. Ага күнөөлүү болгондор эмне үчүн ушул күнгө чейин жазасын тарта элек? Эмне үчүн Ош окуясына күнөөлүү болгондордун аттары ушуга чейин атала элек? Ошондуктан биздин койгон талаптарыбыз өтө катуу. Алардын бири да аткарылган жок.

Талдоочулар болсо бийлик оппозицияны кабыл алып, ийри отуруп, түз кеңешкени жаңы саясий маданияттын калыптанышы экенин айтууда. Серепчи Санжар Тажыматов:

- Конструктивдүү оппозиция бир убакта карама каршы ойлорду айтып, ошол эле кезде бийлик менен иштешиш керек. Конструктивдүү деген сөздүн өзү жаратман дегенди билдирет. Бийлик да сөзсүз түрдө оппозициянын оюн эске алыш керек. Ушул сыяктуу сүйлөшүүлөр болсо, абдан жакшы, жаңы саясий маданияттын калыптанышына алып барат. Бул Европада, Америка өлкөлөрү сыяктуу демократиялык жолго түшкөндүн белгиси.

Тажыматов ошол эле кезде көчө жыйындарынын өтүшүн, анда эл өз пикирлерин айтышын өлкөнүн демократиялык жетишкендиги катары баалады.

XS
SM
MD
LG