Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:39

Түркиянын мунай компаниясы Ирандан алган газдын көлөмүн азайтты


Түркиянын улуттук мунай компаниясы "Тупраз" Ирандан алган газдын көлөмүн 20 пайызга азайтканын билдирди. Буга чейин АКШ мунай экспортунан түшкөн каражат сакталган Ирандын борбордук банкы менен иштешкен чет өлкөлүк компанияларга чара көрүлөөрүн эскерткен. Ай башында Вашингтон Иран мунайын алууну кескин кыскарткан Жапония менен Евробиримдиктин 10 өлкөсүнө бул чара көрүлбөй турганын билдирген. Түркия кара майдын үчтөн бир бөлүгүн Ирандан импорттойт.

Эл аралык санкциялар Тегеранга атомдук программасына байланыштуу киргизилген. Иран өкмөтү өзөктүк куралдын үстүнөн иштеп жатканын четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG