Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Малеванаяга Тбилисиде калууга уруксат берилди


Грузиянын расмий булактары ырасташкандай, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин катчылыгынын жетекчиси Оксана Малеванаяга анын укуктук макамы аныкталмайынча Тбилисиде калууга уруксат берилди.

Апрел окуяларына байланыштуу соттолуп, Кыргызстанда издөөдө жүргөн Малеваная атасы жана уулунун коштоосунда Грузиянын баш калаасына 29-мартта Киевден учуп барган. Анын алдында Украина бийлиги аны өлкө аймагына киргизбей койгон.

БУУнун качкындар боюнча Жогорку комиссариаты расмий Киевди Малеванаяны качкын катары кабыл албай койгону үчүн сындады. Маалыматтарга караганда, Украинага ал Алматы шаарынан барган.

Апрел окуясы боюнча кылмыш ишинде Малеваная Бакиевдин "интеллектуалдык көмөкчүсү" деп аталган. Ал 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолорду басуу боюнча жыйында чукул кырдаал киргизүү тууралуу сунушту айткан делип келет. Бирок былтыр сентябрда сотто көрсөтмө берип жатып, Малеванаянын орун басары болуп турган Максим Каганер "Малеваная өлкөдөгү коопсуздук маселелери боюнча чечимдерге таасир эте алчу эмес" деп айтканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG