Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Бирмада шайлоо өтүүдө


Аун Сан Су Чжи журналисттер алдында сүйлөөдө. 30-март, 2012-жыл.
Аун Сан Су Чжи журналисттер алдында сүйлөөдө. 30-март, 2012-жыл.
Бүгүнкү добуш берүү Азиянын бул өлкөсүнүн акыркы бир нече жылдагы эң эркин шайлоосу катары мүнөздөлүүдө. Анда оппозиция лидери, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи биринчи ирет парламентке шайланары күтүлүүдө.

Шайлоо армия колдогон өкмөттүн айрым реформаларынын артынан өтүп жатат. Бүгүнкү шайлоонун натыйжасында өлкөнүн 664 орундуу парламенттинде бош турган 45 орундун ээлери аныкталат. Бул шайлоо азыр деле армиянын отставкадагы офицерлеринин тобу көзөмөлдөгөн өлкөдөгү бийлик балансын өзгөртпөйт.

Бирок 1990 жана 2010-жылкы шайлоо учурунда үй камагында олтурган оппозиция лидери, 66 жаштагы Аун Сан Су Чжинин айтымында, ал парламентке кирүүгө умтулганына өкүнбөйт. Анткени азыркы добуш берүү элдин саясатка болгон кызыгуусун күчөттү. (UE)

XS
SM
MD
LG