Орусиянын жаңы шайланган президенти Владимир Путин Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосу үчүн ыраазычылык катын жолдоду. Орус лидери "эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө активдүү салым кошууга даяр экенин, орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделе берээрине ишенээрин" айтты. Путин 4-мартта өткөн президенттик шайлоону жеңген. 5-мартта Атамбаев ага куттуктоо катын жолдогон. Путиндин инаугурациясы 7-майда өтөт. (RK)