Пакистандын өлкө башчысы Асиф Али Зардари 8-апрелде Индияга иш сапары менен бармай болду. Бул акыркы 7 жылдагы кошуна өлкөгө болгон биринчи иш сапар. Президент Зардари Индия өкмөт башчысы Манмохан Сингх менен жолугушууну жана белгилүү суфий динаятчысынын сөөгү жаткан Аджмер шаарына барууну көздөп жатат.
Серепчилер президенттин бул визитин Пакистан менен Индиянын алакасы соңку жылдары жакшы жакка оой баштаганынын далили деп баалап жатышат. Көз карандысыздык алгандан бери ядролук держава саналган бул эки өлкө бир нече ирет согушушкан. 2008-жылы Индия Мумбайдагы жардырууну уюштурган террорчуларды Пакистан жашырып алды деп айыптаган болчу.