Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Табалдиев: АКШ куралдан каралашышы мүмкүн


Кыргызстан коргонуу кеңешинин катчысы генерал Бусурманкул Табалдиев Кыргызстан-АКШ сүйлөшүүлөрүнүн айрым жагдайлары тууралу “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жеймс Меттис менен сүйлөшкөн экенсиз, ошол сүйлөшүүлөрдө кайсы маселелерди талкууладыңыздар?

Табалдиев: Генерал Меттис АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейк менен кошо келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууга катышкан. Кездешүүдө «Манастагы» транзиттик борбор жөнүндө сөз болуп, биздин президент “Кыргызстан бул маселе боюнча өз чечимин кабыл алган, биз аны граждандык аба майданына өткөрөбүз” деген так жообун айтты.

Меттис менен кездешүүмдө Ооганстандан коркунучтар, ал жактан канча курал-жарак кайсы мөөнөттө чыгат, кайсы маршрут менен чыгарабыз деген сөздөр болду. Ошонун ортосунда америкалык генерал бизге жардам иретинде Ооганстандан чыгарылып жаткан курал-жарактардан беришибиз мүмкүн, кайсы курал-жарактар силерге керек болсо, тизмесин берсеңер, биз ошого карата карап көрөлү деген сөздөрүн айтты. Бизге “безпилотниктер” керек эле, себеби биздин жерибиз тоолуу, ашууларды көзөмөл жасаш оорураак, берсеңер бизге кыйла жеңил болот эле дедик.

"Азаттык": “Безпилотник” дегенди карапайым угармандарга да түшүндүрүп кетсеңиз, бул эмне деген учак?

Табалдиев: Бул учкучу жок учуучу аппарат. Алар тоонун үстүндө учуп, чалгындайт, жерден атайын пульт менен башкарылып, кандай тапшырма берилсе, ошону аткарат.

"Азаттык": Демек бул учактар чек арадагы кырдаалды, баңги жолдорду же чоочункара Кыргызстанга кирип келсе, ошонун баарын чалгындайт турбайбы?

Табалдиев: Ооба, Ооганстан жактан террорчулар кире турган болсо, үстүнөн көзөмөл кылып карап турат. Өтүп жаткан кишилерди, буюмдарды, башкаларды байкай турган болсо, жерге маалымат берет. Ошого карата бул жактан аскерлер, чек арачылар керек чараларды көрөт. Ооганстандан силер чыгып кеткенден кийин кырдаал курчушу мүмкүн, ошондуктан ушундай аппараттан караштырсаңар, бизге чоң жардам болот эле дедик. Генерал Меттис тизмесин, сунуштарды бергиле, безпилотниктер жөнүндө да маселени изилдеп карап көрөлү, шартыбызга жараша кийин жолукканда жообун айтабыз деди.

"Азаттык": Айрым булактардан кыргыз тарап 2014-жылдан кийин дагы коомчулуктун пикирин, Кыргызстандын коопсуздугун эске алуу менен Америка өкмөтү жардам берүүгө даяр деген билдирүү таратылууда. Гуманитардык жардам же Ооганстанды калыбына келтирүү деген чоң долбоорго бар эмеспи, ошого жараша транзиттик жүк ташуучу борборду пайдалануу жагы сөз болдубу?

Табалдиев: Ошол жөнүндө да сөз болуп жатат. Апрелдин орто ченинде АКШдан атайын эксперттер келип, транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшөбүз. Биздин позициябыз башынан эле бул граждандык порт, бул жерде аскер болбош керек, эгерде гуманитардык, же башка жүктөр Ооганстанга ташыла турган болсо, биз деле карап көрөлү деп жатабыз.

"Азаттык": Анын жүзүн ары кылсын, Ооганстандан америкалык жана НАТО күтөрү чыгып кеткенден кийин кайрадан эле террорчулар баш көтөрүп, Борбор Азияга коркунуч келе турган болсо, анда Кыргызстандын кадамы кандай болот, кайрадан эле эл аралык коалициялык күчтөргө жардам бергиле деп кайрылабы?

Табалдиев: Генерал Меттистин айтуусу боюнча, ал жерден америкалыктар 2014-жылы бир дагы аскерин калтырбай таптакыр эле чыгып кетпейт. Ал жерде америкалыктардын оогандыктарга жардам бере турган кайсы бир деңгээлде күчтөр калып, стабилдүүлүк болгуча аларга жардам берип тура турган күчү калат. Жалаң эле биз эмес, башка мамлекеттер деле Ооганстанда стабилдүүлүк, тынч болуп турушуна кызыкдар да. Ошого жараша керектүү келишимдерге, чараларга биздин мамлекет деле кошулат деп ойлойм.

Албетте Америка үчүн биздин «Манас» абдан ыңгайлуу пункт болуп эсептелет. Ошондуктан, биз менен сүйлөшүүгө дайыма кызыкдар болуп жатышат. Биз болсо өз тараптан эшигибизди жаап койгон жокпуз, сүйлөшөлү, керектүү гуманитардык, башка жардамдарды Ооганстанга жөнөткөнгө, ал жактан бул жакка ташыганга биздин каршылыгыбыз жок, бирок аскер болбош керек деген позицияда катуу туруп атабыз. Алар буга түшүнүп, бүгүнкү күндө макул болуп эле турат деген ойдомун.

Эң негизгиси: америкалыктар биз жалаң эле транзиттик борбор боюнча сөз кылбай, экономикалык катнаштарды, инвестиция маселелерин да чечип, жардам бергенге даярбыз, силер демократиялык мамлекет болуп түптөлүп келатасыңар, силер бутуңарга турганга биз бардык жагынан жардам беришке аракет жасайбыз жана даярбыз деген сөздөрдү айтууда. Албетте жардам бере турган болсо, мамлекетибиз эртерээк бутуна туруп кетишине өбөлгө түзүлөт деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG