Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Бүгүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Кыргызстандагы иш-сапары башталууда


Эки күн ичинде Лавров өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаев, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушмакчы. Эки тараптуу документтерге кол коюлат. Негизги көңүл коопсуздук маселесине бурулаары айтылууда. Сергей Лавров, ошондой эле, Кыргыз-орус славян университетине жана Илим жана маданият боюнча орус борборунда болот.

Марттын этегинде Кыргызстанга Орусиянын энергетика министри Сергей Шматко жетектеген делегация келип кеткен болчу. Анда орус тарап ырасмий Бишкектин энергетикалык долбоорлоруна катышууга кызыкдар экени айтылган.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, былтыр Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд.долларга жакындаган жана анын басымдуу бөлүгү (1,1 млрд.доллары) Орусиядан экспорттолгон товарларга туура келет. (ebm/td)

XS
SM
MD
LG