Ооганстанда жанкечти жардырган бомбадан кеминде 10 киши өлдү, 25тей адам жарадар болду. Фаряб провинциясынын борбору Майманадагы террордук чабуулда набыт болгондордун төртөө полициячылар, калгандары карапайым адамдар экени ырасмий маалымдалды. НАТО башындагы эл аралык коопсуздук күчтөрү бүгүн Ооганстандын түндүгүндө болгон бомба чабуулунда эки аскери курман болгонун билдирди. Бул эки окуянын бири бирине байланышы барбы, белгисиз.